• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

1-июлдан тарта жашы жете элек балдар чек арадан паспорт менен гана өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-июлунан тартып жашы жете элек балдар чек арадан паспорт менен гана өткөрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, КРда жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын далилдеген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тиркемеси айлантуудан чыгарылат.

Андыктан, мамлекеттик чек ара өткөрмөлөрүндө ар кандай чыр-чатактуу жагдайларды четтетүү максатында,2019-жылдын 1-июлунан тартып, Кыргыз темир жолунун бекеттеринен эл аралык каттамдарга чыгуу үчүн жашы жете элек балдарга өз убагында жалпы жарандык паспорт алуу жагын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын администрациясы сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий