• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2019-жылдын 1-октябрына чейин мамипотека боюнча кредит алган жарандар үчүн пайыздык чен жылына 6–8 % чейин төмөндөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционардик коомуна 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 % чейин төмөндөтүү сунушун берди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

«Бүгүнкү күндө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү маанилүү. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылган. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүүсү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү – бул чоң эмес, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандарга финансылык жүгүн кыскартуу максатындагы көмөгү болуп саналат. Буга катар республикалык бюджет каражатынын эсебинен иштеп жаткан ипотекалык компаниянын иштөө механизмин өзгөртүү зарылдыгын белгилеп кетким келет», - деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК учурдагы финансылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташытруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген кредиттерди кайрадан карап чыгуу жана пролонгациялоо боюнча тийиштүү сунуш даярдап чыгууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 416-б буйругуна ылайык, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 1-январынан тарта алгачкы төлөмдүн суммасына жараша, өздүк маржаны төмөндөтүү эсебинен, жылына 7–9 % чен боюнча мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 % ченге дейре кайра эсептеп чыгуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий