• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2019-жылдын 11 айында акча которуулар 11,6%га азайган

Экономика 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айында жеке адамдардын акча которуулары 11,6%га азайган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, жеке адамдардын акча которуулары боюнча дүң агылып кирүү көлөмү 2019-жылдын 11 айында 2 млрд 192 млн долларын түзгөн. Ал 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 11,6 пайызга төмөн.

"Кыргыз Республикасынан 493,5 млн АКШ доллары суммасында акча которулган. Ал 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 0,2 пайызга төмөн дегенди билдирет. Жыйынтыгында отчеттук жыл ичинде акча которуу системасы аркылуу келип түшкөн каражаттардын таза агылып кирүүсү 14,4 пайызга төмөндөп, 1 млрд 698,5 млн АКШ долларын түзгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий