• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2019-жылдын аягында 22 айылда суу менен камсыз кылуу системасынын курулушу бүтөт

Өкмөт 0

Бишкек. 14.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иши - аймактардын инфраструктурасын сапатуу өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Ушул жылдын аягына чейин 22 айылда суу менен камсыз кылуу системасынын курулушу аяктайт.

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясында каралган долбоорлорду ишке киргизүүдө республикалык бюджеттин жана донорлордун каражаттары пайдаланылууда.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 117 айылды камтыган 73 объектке

өздүк каражаттан 350 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө толугу менен каржылоо жүргүзүлдү. Алар:

-47 объектте курулуш-монтаждык иштер жүргүзүлүп жатат;

-4 объектте курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү боюнча келишимдер түзүлүп жатат;

-6 объектте курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү боюнча конкурстар өткөрүлдү;

-2 объектте жер участкаларын трансформация маселеси чечилип жатат;

-11 объектте долбоорлук-сметалык документтер иштелип жатат;

-1 объектте ичүүчү суунун булагын тандоо маселеси чечилип жатат;

-2 объект өткөн жылдардын кредитордук карыздары боюнча киргизилди.

Донолордун эсебинен каржыланган долбоорлорго токтолсок, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарынын курулушу жана реаблитациялоо боюнча республиканын 20 шаарында жана 23 калктуу конушунда жалпы суммасы 193,72 млн евролук жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Дүйнөлүк Банктын эсебинен 8,0 млн долларлык долбоорлор жүзөгө ашырылууда, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан суммасы 60,0 млн доллар болгон долбоор жактырылды.

Маалымдама: Калктын ичүүчү таза суу менен камсыздалышы

2019-жылдын 9 айына карата

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, %

Саркынды сууларды чыгаруу тутумдары менен камсыздоо, %

(шаарлар)

Чүй облусу

80,86

30.8

Баткен облусу

52,96

20.0

Ош облусу

62,68

20.0

Ысык-Көл облусу

66

36,6

Нарын облусу

77,78

20.0

Талас облусу

80,0

20.0

Жалал-Абад облусу

55,88

15,3

Бишкек шаары

+ калктуу конуш – 90.0

+ калктуу конуш – 70.0

Ош шаары

+ калктуу конуш - 85

+ калктуу конуш – 60.0

Республика боюнча

66,08

29,2

Кыргыз Республикасындагы калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси узак мөөнөттүү жана аны чечүүгө системалуу түрдө мамиле кылууну талап кылат. Бүгүнкү күндө таза ичүүчү суу менен калктын 66,1%, ал эми саркынды сууларды чыгаруу тутумдары менен 29,2% эле камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий