• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылдын аягында ипотекалык насыянын үстөгү 6-8% түшөт

Коом 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. 2019-жылдын төртүнчү кварталында Кыргызстанда ипотекалык насыянын үстөгү 6-8 жылдык пайызга түшөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик ипотекалык компания азыр ипотекалык насыяларды 7-9 жылдык пайыз менен берип жатат.

Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканаларда иштегендерге 12-15 үстөк пайызы менен насыя берет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ипотекалык насыянын үстөк пайызы төмөн.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык рынокко узак мөөнөттүү ресурстарды киргизүү ишке ашырылууда, ал ипотекалык насыялоонун 30% түзөт. Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык рынокко кошумча ресурстарды тартуу үчүн ипотекалык баалуу кагаздар чыгарыла баштады.

Мындан тышкары ипотекалык компанияна 2019-жылдын апрель-май айларында Нарын жана Бишкектеги эки пилоттук үйдүн курулушун аяктап, аларды кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү механизми катары колдонушат.

Маалымдама: 2018-жылдын 31-декабрына карата бюджеттик тармакта иштеген жарандарга 4,287 млрд сом өлчөмүндө 3799 ипотекалык кредиттер берилген. КР Өкмөтү бөлүп берип жаткан ссуданын 3 млрд 800 млн сому өздөштүрүлдү. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы аркылуу насыяларды берүү үчүн да колдонулуп жаткан негизги капитал 321 млн сомго куралган.

Пикир

Оставить комментарий