• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын алты айында Ош облусуна 2,8 млрд сом инвестиция тартылган

Аймак 0

Ош, 28.08.19 /Кабар/. 2019-жылдын алты айынын ичинде Ош облусуна 2 млрд 854 млн 697 миң сом инвестиция тартылган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктүн белгилешкендей, ички инвестициялардын көлөмү 2 млрд 63 млн 392 миң сомду, ал эми тышкы инвестициялар 791 млн 305 миң сомду түзгөн.

Ош облусунан Россия, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Украина, Түркия, Ирак, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Греция жана Италияга 12 миң 884 тонна айыл чарба азыктары экспорттолгон. Ал эми Ош облусуна алынып келген айыл чарба азыктарынын көлөмү 19 миң 113 тоннаны түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий