• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үч айда камсыздандыруу компаниялардын дүң кирешеси 42,5 пайызга өскөн

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. 2019-жылдын биринчи чейрегинде камсыздандыруу компанияларынын дүң кирешеси 339 млн. сомду түзүп, 2018-жылдын январь-март айына салыштырмалуу 42,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети билдиргендей, ошол эле учурда кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 79,0 пайызы же 267,8 млн. сому) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынган.

"Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 41,4 пайызга өсүп, 290,1 млн. сомду түзгөн. Камсыздандыруу компанияларынын каражаттарын сарптоонун негизги багыттары кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдар (чыгымдардын жалпы суммасынын 37,1 пайызы) жана ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдар (30,5 пайыз) жана камсыздандыруу төлөмдөрү (15,9 пайыз) болуп саналды", - деп билдирет Статистика комитети.

Финансылык-чарбалык ишмердиктин жыйынтыгы боюнча, 2019-жылдын январь-мартында камсыздандыруу компаниялары тарабынан 48,9 млн. сом өлчөмүндө теңдемдик (баланстык) пайда алынган. Ал былтыркы жылдын ошол эле мезгилине караганда 1,5 эсеге көп.

Аталган мекеме белгилегендей, ушул жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн каржы рыногунда 17 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүшкөн. Мындан тышкары, эки камсыздандыруу компаниясынан ишмердикти жүргүзүү лицензиясы кайра чакыртып алынса, бирөө калыптануу стадиясында турган.

Алардын ичинен 12 компания рентабелдүү болуп эсептелген – алар тарабынан 53,9 млн. сом пайда алынган. Ал эми 5 компания рентабелдүү эмес болуп, 5,0 млн. сом өлчөмүндө чыгым тарткан.

Пикир

Оставить комментарий