• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын бюджетинде пенсияны жогорулатууга 659,2 млн сом каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Соцфонддун башчысы Медет Ирсалиевдин айтымында, 2019-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд 61 млн 345 миң сом, 2020-2021-жылдарга 57 млрд 426 млн 512 миң сом жана 60 млрд 992 млн 94 миң сом көлөмүндө түзүлдү.

"2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25% камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23% Пенсиялык фондго, 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2% Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25% Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет", - деди Ирсалиев.

Ошондой эле, 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 млрд 744 млн 294 миң сом өлчөмүндө пландалганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 20 млрд 965 млн 930 миң сом өлчөмүндө каралган.

Пенсиялык фонддун кирешелери 2019-жылы 49 млрд 763 млн 114 миң сом көлөмүндө пландалууда. Ал эми 2019-жылдын бюджет долбоорунда пенсияларды көбөйтүүгө 659 млн 209 миң сом көлөмүндө каражат каралды.

Пикир

Оставить комментарий