• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын бюджетине аймактарды өнүктүрүү багытында кошумча 2 млрд. сом бөлүндү - төрага

Аймак 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. 2019-жылдын бюджетине аймактарды өнүктүрүү багытында кошумча 2 млрд. сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунун Ат-Башы айылындагы бир катар социалдык мекемелердин пайдубалына капсула салуу учурунда билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жумабеков алыскы Ат-Башы районунда мындай саамалыктын болуп жатканы аймактарды өнүктүрүүнүн мыкты мисалы экенин белгиледи.

"Өтүп бара жаткан жыл Өлкө башчыбыздын жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү деп жарыяланган. Анын алкагында өлкө аймагы боюнча бир топ социалдык мекемелер, жолдор, көпүрөлөр курулду. Орто жана чакан бизнести өнүктүрүүнү мамлекет колдоого алып, жаңы жумушчу орундар түзүлдү. Жогорку Кеңеш менен өкмөт тыгыз иш алып барып, аймактарга инвестиция тартуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алып бердик. Келээрки жылдын бюджетине аймактарды өнүктүрүү багытында кошумча 2 млрд. сом акча каражаты бөлүндү", - деди Жумабеков.

Муну менен катар төрага аймак өнүксө, өлкө өнүгөрүн белгилеп, бул иштерди ырааттуу улантуу зарылчылыгын кошумчалады.

Жумабековдун Нарын облусундагы иш сапарын депутат Алмазбек Баатырбеков менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов коштоп жүрдү.

Эске сала кетсек, пайдубалы түптөлгөн социалдык мекемелердин имараты Катар өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен курулууда.

Пикир

Оставить комментарий