• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын үч айында өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6%га азайган

Коом 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. 2018-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 2019-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы алгачкы үч ай аралыгында 39 өзгөчө кырдаал катталса, быйыл үчөө катталган.

Аны менен бирге, кырсыктын айынан келтирилген чыгымдар да азайган. Маселен, өткөн жылы 229 млн. 393, 8 миң сом чыгым келтирилсе, быйылкы чыгым 5 млн. 20,6 миң сом болгон.

Пикир

Оставить комментарий