• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2019-жылдын январь айында негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшырган - Улуттук статистикалык комитет

Экономика 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. 2019-жылдын январь айында республикада жана аймактарда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшырган. Алдын ала баа боюнча, өлкөнүн Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 30 млрд. сомдон ашык болгон. Бул тууралуу Улуттук эсептердин экономикалык статистика башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова маалымат жыйынында билдирди.

"ИДПнын өсүшүнө товар жана кызматтардын көлөмүнүн көбөйүшү таасир эткен. ИДПнын түзүмүндө көпчүлүк үлүш кызмат көрсөткөн тармактарга туура келип, ал жалпы 45%ды түзгөн. Өнөр-жайдын үлүшү 26%га жакын, айыл-чарба 8%га жакын жана курулуш дээрлик 3% болгон. "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, ИДПнын январь айындагы көлөмү дээрлик 27 млрд. сомду түзгөн. Жыл башында өнөр-жай продукциясынын көлөмү 19 млрд. сомдон көп болгон. Ал эми мурунку жылга салыштырмалуу 15,7%га өскөн. Январда өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү металл кедерин, көмүр, чийки мунай жана табигый газды өндүрүүнүн көбөйүшүнөн улам болгон", - деди Исенкулова.

Пикир

Оставить комментарий