• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын январь айында президенттин аппаратына жарандардан 1284 кайрылуу келип түшкөн

Президент 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына 2019-жылдын январь айында 1284 жарандардан кайрылуулар келип түшкөн (2018-жылы ушул эле мезгилде — 1073), алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 1051 (2018-жылы — 822);

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 100 (2018-жылы — 62);

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 89 (2018-жылы — 118);

— Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 33 (2018-жылы — 55);

— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 11ди түздү (2018-жылы — 16).

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 1051 кайрылуулардын 1028и Президенттин Аппаратына, ал эми калган 23 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 1051 кайрылуулардын 829у (же 78,9%) көзөмөлгө алынды. Алардын 319у аткарылды (38,5%), 510 жарандын кайрылуулары (61,5%) аткарылууда.

Ал эми 222 кайрылуу (21,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

1051 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 366 (34,8%) келип түштү.

Ал эми Чүй областынан — 182 (17,3%),

Ош областынын — 89 (8,5%),

Ош шаарынан — 73 (6,9%),

Жалал-Абад областынан — 139 (13,2%),

Ысык-Көл областынан — 73 (6,9%),

Нарын областынан — 37 (3,5%),

Талас областынан — 23 (2,3%),

Баткен областынан — 40 (3,8%),

КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 29 (2,8%) жарандын кайрылуулары катталды.

Көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча — 414 кайрылуу же 39,4%ды түзгөн. Мындан 359 көзөмөлгө алынып, 134ү аткарылды, 225 жарандын кайрылуулары мөөнөттөрүнө жараша аткарылууда. Аткарылган 134 кайрылуулардын 106на түшүндүрмөлөр берилип, 6сы толук жана 18и жарым-жартылай чечилип, 4 арыз мыйзамдарга ылайык четке кагылган. Калган 55 кайрылуу тиешелүүлүгүнө жараша сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, аларга тийиштүү жооптор берилүүдө.
Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча — 303 кайрылуу же 28,8%, анын ичинде:
— социалдык кызматтын иши, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 39 кайрылуу;

— саламаттыкты сактоо маселелери боюнча — 33;

— курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча — 21;

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 29;

— билим берүү маселелери боюнча — 36;

— маданият маселелери боюнча — 16;

— эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы маселелери боюнча — 19;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тийиштүү, ошондой эле Аппараттын, министрликтердин жана башка ведомстволордун иши боюнча — 37;

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча — 20,

— айыл-чарба жана өндүрүш маселелери боюнча — 15;

— энергетика жана отун ресурстары маселелери боюнча — 7;

— экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча — 8;

— өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча — 3;

— мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча — 6;

— туризм маселелери боюнча — 1 кайрылуу.

Бул кайрылуулардын 242си көзөмөлгө алынып, 103ү аткарылды, 139 кайрылуу аткарылууда. Ал эми аткарылган кайрылуулардын 82не түшүндүрмөлөр берилип, 6сы толук жана 7и жарым-жартылай чечилип, 8 кайрылуулар мыйзамдарга ылайык четке кагылган.

Калган 61 кайрылуу тийиштүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жиберилип, аларга тийиштүү жооптор берилген.

Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулар — 116 кайрылуу же 11,0%:
— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө — 43;

— батир бөлүп берүү жана турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө — 41;

— таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө — 4;

— мыйзамсыз курулуштар жөнүндө — 8;

— автожолду куруу жана оңдоо маселелери жөнүндө — 5;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө — 15 кайрылуу.

Мындан 73ү көзөмөлгө алынып, 41и аткарылды, 32 кайрылуулар мөөнөттөрүнө байланыштуу аткарууда. Аткарылган кайрылуулардын 3ү толук жана 4ү жарым-жартылай канааттандырылып, 31не түшүндүрмөлөр берилген жана 3 кайрылуулар мыйзамдарга ылайык четке кагылган. Калган 43 кайрылуулар тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мекемелерге жиберилип, аларга тийиштүү жооптор берилип келүүдө.

Мындан сырткары:
— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 46;

— коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 25 кайрылуу келип түшкөн.

Жогорудагылар менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин атына калоо-тилек, ыраазычылык каттар менен 14 жаран, Өлкө башчысынын кол тамгасы менен сүрөтүн сурап 5 чет өлкөлүк жаран, Жаңы жылга карата белек сурап 45 бала жана жеке кабыл алуусун сурап 35, Аппарат жетекчилигинин кабыл алуусун сурап 13 жаран кайрылышкандыгын билдиребиз.

Ал эми калган 35 жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

Пикир

Оставить комментарий