• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн эл аралык резерви 268,6 млн долларга көбөйгөн

Экономика 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. 2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын эл аралык резервдеринин көлөмү 2424,1 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын башына салыштырмалуу 268,6 млн АКШ долларына же 12,5% көбөйгөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эл аралык резервдердин курамына алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели кирет. Эл аралык резервдердин валюталык портфели төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ долларын, еврону, швейцария франктарын, англис фунттарын, австралия жана канада долларларын, япон йенин, россия рублин, кытай юанын, сингапур долларын, ошондой эле норвегиялык крон.

Пикир

Оставить комментарий