• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 4% ченинде болот - Экономика министрлиги

Экономика 0


Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 4%га жетери белгиленүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөргө жетүү үчүн өкмөт тарабынан белгиленген бардык тапшырмаларды аткаруу керек болот.

Алымбаев, экономиканын өсүү темпи акырындык менен жакшырып жатканын белгилейт. Ал билдиргендей, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 6,4%ды түзгөн. Ал эми "Кумтөр" ишканасын эске албаганда 2,5% болгон.

"Экспортту карасак, өсүш 3,7% түзөт. Импорт 4,7%га төмөндөгөн", - дейт Алыбаев.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев, эмнеге жыл аягына карата экономиканын өсүшүнүн төмөндөшү божомолдонуп жаткандыгын айтып өттү.

"Биз "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда экономиканын өсүшүн 3,6%га жетерин күтүүдөбүз. "Кумтөрдү" эсепке алганда – 4%. Биринчи жарым жылдыкта көрсөткүчтөрдүн жогору болгондугунун себеби былтыр жылдын төртүнчү чейрегинде "Кумтөр" ишканасы көп алтын иштеп чыгарган. Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш болууда", - деди Насирдин Шамшиев.

Инфляция туруктуу деңгээлде – 0,3%да турат.

Пикир

Оставить комментарий