• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2019-жылдын жыйынтыгы менен Соцфонддун жалпы кирешеси 53,8 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылдын жыйынтыгы менен КР Социалдык фондунун жалпы кирешеси 53 млрд 860,7 млн сомду түздү (ИДПга карата 9,1 %). Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык фонддун 2019-жылдын жыйынтыгын караган отурумунда айтылгандай, ал көрсөткүч 2018-жылга караганда ал 2 млрд 847 млн сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү 32 млрд 420,7 млн сом болуп чогултулган – план боюнча 33 млрд 144,3 млн сом. План 723,6 млн сомго аткарылбай калган.

2019-жылы пенсия төлөө, пенсияга кошумча берүү, электр энергиясы үчүн кементе төлөмдөр, аскер кызматкерлерине пенсиялык төлөм үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн милдеттүү чегерүүлөр 21 млрд 39 млн сомду түзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, былтыр Социалдык фонддун чыгымдары 53 млрд 508,2 млн сомду түзүп, ал 2018-жыга караганда 3 млрд 198,6 млн сомго көп болгон.

Былтыр пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө 45 млрд 290,2 млн сом сарпталган.

"2020-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча пенсия алгандардын саны 672,8 миң кишини түзгөн. Алардын ичинен 301,7 миң пенсионер пенсияларын (45%) "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу, 371,7 миң пенсионер (55%) банк аркылуу алган. 2018-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 21,6 миң кишиге арткан", - деп билдиришти Социалдык фонддон.

Пикир

Оставить комментарий