• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2019-жылга карата республикалык бюджеттин кирешесинин божомолу 151 млрд. сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. 2019-жылдын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси мамлекеттик инвестициялардын гранттарын кошкондо 151 млрд. 762,4 сом же ИДПга карата 25,1%ды түзөрү болжолдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда КРнын Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

А. Азимов билдиргендей, республикалык бюджеттин кийинки жылдагы чыгашаларынын божомолу 161,9 млрд. сом болсо, 2020-2021-жылдарга карата 165,2 млрд. сом жана 164,5 млрд. сомду түзгөн.

Ал эми республикалык бюджеттин дефицити жылдан жылга азайары болжолдонууда:

2019-жылы ИДПга карата 1,7%,

2020-жылы ИДПга карата 1,2%,

2021-жылы ИДПга карата 0,4%.

“2021-жылы бюджеттин дефицитинин ИДПга карата 0,4%га чейин түшүшүнүн негизги себеби, тышкы булактардан мамлекеттик инвестициялардын алкагындагы божомолдордун төмөндөшү болууда”, - деди ал.

Ал кошумча билдиргендей, 2019-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгын жабууга 10,2 млрд. сом каралган. Анын ичинде тышкы булактар боюнча оң сальдо (белгилүү убакыт ичиндеги кирешелер жаан чыгашалар ортосундагы айырма) 12,5 млрд. сом ченинде болжолдонууда жана ички булактар боюнча терс сальдо 2,4 млрд. сом өлчөмүндө каралган.

Пикир

Оставить комментарий