• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2019-жылы 120 билим берүү объекти, 24 бала бакча жана башка имараттар курулат – Архитектура агенттиги

Коом 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. 2019-жылдын башынан бери 191 объекттин курулушу жана 95 объекттин капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, ал жумуштардын наркы 1,5 млрд. сомду түзөт.

"Президенттин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо боюнча жарлыгынын алкагында бизге социалдык объекттерди куруу жана таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Мындан улам өкмөттүн буйругу менен объекттердин курулушуна жана оңдоо иштерине 1,5 млрд. сом бөлүнгөн", - деди ал.

Бөрүбаев белгилегендей, объекттердин курулуш иштерине 1 млрд. 90 млн. сом каралган:

- 709,8 сомго 120 билим берүү объекти;

- 92 млн. сомго 24 бала бакча;

- 64,2 млн. сомго 9 саламаттык сактоо объекти;

- 32,2 млн. сомго 6 маданий объект;

- 66,3 млн. сомго 13 спорт комплекс;

- 76,1 млн. сомго башка объекттер.

95 объекттин капиталдык оңдоо иштерине 200 млн. сом каралган:

- 116,8 млн. сомго 48 мектеп;

- 10,9 млн. сомго 8 бала бакча;

- 33,7 млн. сомго 20 саламаттык сактоо объектиси;

- 6,3 млн. сомго 9 маданий объект;

- 11,9 млн. сомго 7 башка объекттер.

"Ошондой эле социалдык объекттерди долбоорлоого 10 млн. сом бөлүнгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий