2019-жылы 220 млрд сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлдү - Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. 2019-жылы 220 млрд сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,6 пайызга камсыз болду.

"2019-жылы 103,9 млрд сомдук мал чарба продукциялары өндүрүлүп, өсүү темпи 102,5 пайызды түзсө, талаачылыкта 110,6 млрд сомдук продукциялар өндүрүлүп, өсүү темпи 102,6 пайызга аткарылды", - дейт Керималиев.

Ал белгилегендей, жалпы дүң өндүрүлүштүн башка облустарга салыштырмалуу жогорку үлүш Чүй (27%), Ош (19%), Жалал-Абад (19,1%) облустарында түзөт.

Пикир

Оставить комментарий