• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы 38 компания ишенимсиз деп таанылды - Мамлекеттик сатып алуулар департаменти

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айында Мамлекеттик сатып алуулар маселеси боюнча арыздарды кароо боюнча комиссиясына ишенимсиз буйрутма аткаруучулардын катарына киргизүү боюнча 280 кайрылуу жана 2 миң 559 арыздануу келип түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекетик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова билдирди.

Ал белгилегендей, арызды веб-портал аркылуу берүүгө болот.

"Арыздануу жана кайрылууларды кароодо Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин ыйгарым укуктары алынган. Кайрылуулар мекемелер аралык комиссия тарабынан каралып, ага коомчулук, мамлекеттик сатып алуулар тармагында сертификатка ээ адис жана юристтер кирген", - деди ал.

Байзакованын айтымында, ушул жылдын 11 айында комиссия 953 арызды карап, 1404ү кароого алынган эмес. Ошондой эле 33 арыз каралууда. 16 жаңы арыз түшүп, 153 арыз кайра артка алынган.

"Ошондой эле 11 айдын жыйынтыгы менен 38 компания ишенимдүү эмес буйрутма аткаруучулардын катарына киргизилген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий