• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2019-жылы 500дөн ашуун соттолгондор эркиндикке чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. 2019-жылы 500дөн ашуун соттолгондор эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасы Чолпон Өмүрканова кабарлады.

Анын айтымы боюнча, үстүбүздөгү жылдын башынан бери кайра карап чыгуу үчүн сотторго 8 миң 590 эркинен ажыратылгандардын иши жиберилген.

“Бүгүнкү күндө соттор 7 миң 92 көрсөтмөнү карап чыгышты. Жыйынтыгында 570 адам абактан бошотулуп, эркиндикке чыккан. 3 миң 100 адамдын жазасынын мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылган, 721 адамга кылмыш ишин кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү четке кагылган, 2 миң 701 соттолгондордун жаза мөөнөтү өзгөртүлгөн, анын ичинен 421и амнистияга өзгөртүлгөн”, - дейт төрага.

Пикир

Оставить комментарий