• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы 600 үй-бүлө ипотекага үй алды – Мамлекеттик ипотекалык компания

Экономика 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. 2019-жылы 600 үй-бүлө ипотекага турак үй ала алган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Ал белгилегендей, 2019-жылдан тарта компания тарабынан "Жеткиликтүү ипотека" жаңы продукты ишке киргизилип, бир гана бюджеттик эмес башка тармактарда иштеген жарандар да мамлекеттик ипотекалык компаниядан ипотека алууга мүмкүнчүлүк алган.

"Бул жылы ипотекалык насыялар 800 млн сомго берилип, 600 үй-бүлө турак жайлуу болду", - дейт ал.

Учурда ипотекалык насыя алуу үчүн 4 миңден ашык киши кезекте турат.

Белгилей кетсек, компания ишин баштагандан бери алар тарабынан 4 миң 500дөн ашык ипотекалык насыя каржылаган. Ал насыяларды каржылоого 5,2 млрд сом жумшалган. Жалпы 16,5 миң адам үй менен камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий