• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Алар кайсылар?

Экономика 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. 2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Ал кайсы долбоорлор экенин "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу айтып берди.

Анын айтымында, былтыр Бишкекте биметаллдык алюминий радиоторлорун чыгаруучу ишкананын ачылышы болуп өттү.

"Ал долбоордун алкагында 40 млн доллар өздөштүрүлдү. Ишкана Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Анда 300дөн ашык киши иштейт. Буга чейин Кыргызстанда жылытуучу биметаллдык алюминий радиаторлору чыгарылчу эмес. Чийки зат сырттан экспорттолот. Ал эми ишкана чыгарган продукция Казакстан, Россия, Азербайжан жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспортко кетип жатат. Экспортко продукциянын 95%ы жөнөтүлүүдө. Андан алынган кошумча нарк салыгы Кыргызстанда калууда", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, былтыр кол кап жана жип чыгарган чакан ишкана ачылган. Ал долбоор боюнча 2 млн доллар өздөштүрүлгөн. Ал ишкана чыгарган продукция Казакстанга экспортко чыгарылып жатат.

Аны менен бирге былтыр ишке ашырыла баштаган инвестициялык долбоордун ичинде Нарындагы индустриялык-соода-логистикалык комплекс бар. Шумкарбек Адилбек уулунун айтымында, ал комплекс иштеп баштагандан тарта 10-15 миң иш оруну түзүлөт.

Ошондой эле 2019-жылы тигүүчү ишкана, арматура жана кабель чыгарган завод, мейманкана, Ош шаарындагы машина куруучу заводу боюнча долбоорлор жүзөгө ашырыла баштаган.

Пикир

Оставить комментарий