• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2019-жылы 81 505 баш ири мүйүздүү мал, ал эми пилоттук айылдарда 66 992 баш мал уруктандырылган

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 2019-жылы республика боюнча 81 505 баш ири мүйүздүү мал, ал эми пилоттук айылдарда 66 992 баш мал уруктандырылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен бирге асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы макамы берилген 263 асыл тукум субъектине практикалык, усулдук жана кеңеш берүүчүлүк жардам көрсөтүлгөн.

2019-жылдын 30-майында «Лущихин» атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунун базасында уяң жүндүү жана меринос породасындагы койлорду баккан чабандардын I республикалык семинар-көргөзмөсү өткөрүлгөн.

2019-жылдын августунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Катта-Талдык» мамлекеттик асыл тукум заводунун базасында «Меринос породасындагы койлордун башын көбөйтүү, жүн продукцияларынын жана жүндүн сапатын жогорулатуу» темасында II республикалык семинар-көргөзмөсү өткөрүлгөн. Семинарда республикада койдун башын көбөйтүү, орун алган маселелерди чечүү талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий