• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы айыл чарба жана балык уулоочулуктун дүң продукциясы 220,0 млрд сомго өндүрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун дүң продукциясы учурдагы баалар менен эсептегенде 220,0 млрд сомго өндүрүлдү. Өсүү темпи 2018-жылдын деңгээлине карата 102,6 % түздү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айыл чарба продукциясын дүң чыгаруу көлөмүнүн өсүшү өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын өндүрүүнү 2,6 %га (110,5 млрд сомго) жана мал чарбасын 2,5 %га (103,9 млрд сомго) көбөйтүү менен камсыздалган.

Республика боюнча жалпысынан 2019-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты 1216,7 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 миң гектарга, же 0,1 % көбөйгөн.

2020-жылдын 1 январына карата 1481 чарбакер субъектке 2448,8 га аянтына тамчылатып сугаруу системасы коюлган, анын ичинде 2019-жылы

91 чарбакер субъектке 76,9 га аянтына тамчылатып сугаруу орнотулган.

Республика боюнча 2536 ар түрдүү типтеги күнөскана курулган. Күнөсканалар ээлеген аянты 203,4 га түзөт. 2018-жылга салыштырмалуу күнөсканалардын саны 85ге көбөйгөн (2451 чарбалык субъект), ээлеген аянты (173,1 га) 30,3 гектарга (15 %га) кеңейген.

Пикир

Оставить комментарий