• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. 2019-жылы ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштаган.

“Ажылык иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болууда. Ага ылайык, 2019-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий