• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2019-жылы баңгизаттарды ашыкча колдонуудан 13 адам көз жумду

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы баңгизаттарды ашыкча колдонуудан 13 адам көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский билдирди.

“Бизде ийне сайынуу жолу менен баңгизат колдонгондордун саны күндөн-күнгө азаюуда. Бирок синтетикалык баңгизаттар көп жайылууда. Былтыркы жылы биз колдонууга тыюу салынган заттардын тизмесине 100дөн ашык психоактивдүү затты киргиздик. Бул жылдын ичинде дагы 9 түрү табылды”, - дейт Запольский.

Ал билдиргендей, синтетикалык заттарга көбүнесе жаштар кызыгууда. Ошол себептен мектеп окуучулары жана студенттер арасында алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө.

“Тилекке каршы, көптөр анын кесепеттери тууралуу ойлонушпайт. Жаштар, эгер аны сайынбай, чексе, чайнаса ал коркунучтуу эмес деп ойлошот. Бирок, ал нерсе башында ырахат менен башталып, аягы кома менен бүтүшү мүмкүн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий