• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2019-жылы Бишкектин эки борбордук көчөсүндө маршруткалар жүрбөй турган болот

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. 2019-жылы Бишкектин эки чоң көчөлөрүн маршруткалардан бошотуу пландалууда. Бул тууралуу “Коомдук транспорттун иштеши” аттуу тегерек столдун алкагында мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов кабарлаган.

Анын айтуусунда, учурда Чүй, Ибраимов, Бөкөнбаев жана Жаш гвардия бульвары менен чектелген аймакты бошотуу каралып жатат.

Жусупов билдиргендей, кичиавтобус жана автобустар үчүн жаңы каттамдар иштелип чыгат.

Ошондой эле ал белгилегендей, мэрия бүгүнкү күнү автобустар узак убакытка лизингге келүүсү үчүн инвесторлорду издөөдө.

“Жаңы автобустардын келиши менен биз шаардын борборун кичиавтобустардан бошотобуз”, - дейт Жусупов.

Пикир

Оставить комментарий