• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы Бузуулардын бирдиктүү реестрине 4008 бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Автотранспорт агенттиги тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестри (ББР) системасына 4008 бузуу катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары Арсланбек Касымалы уулу билдирди.

Анын айтымында, Бузуулардын бирдиктүү реестри 2019-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирген.

"2019-жылдын январынан тартып КРнын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргендигине байланыштуу Автотранспорт агенттигинде Бузуулардын бирдиктүү реестри системасы жайылтылды. Бүгүнкү күндө баардык укук бузуулар КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ББРде жазылат", - дейт Арсланбек Касымалы уулу.

Пикир

Оставить комментарий