• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы экспортту 2 млрд. АКШ долларына чейин жеткирүү керек - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы экспорттун деңгээлин 2 млрд. АКШ долларына, ал эми тышкы соода жүгүртүүнү 7 млрд. АКШ долларына чейин жеткирүү керек деди. Бул тууралуу ал мыкты экспорттоочуларга сыйлык тапшыруу аземинде баса белгилеп өттү.

undefined

Анын айтуусу боюнча, 2018-жылы экспорттун суммасы 1,7 млрд. долларга жетип, тышкы соода жүгүртүү – 6,7 млрд. долларды түзгөн.

Абылгазиев биринчи орунда Улуу Британияга кетип жаткан 38%ды түзгөн Кумтөрдүн алтыны турат, деди.

“Экинчи орунда - жеңил өнөр жай, үчүнчү – айыл чарба. Бизде экспорт үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз көп. Өкмөт тарабынан да көп нерсе аткарылып жатат. Экспорт жасоо үчүн эмне керек? Биринчи кезекте жеңилдетилген салыктар жана каржылоо. Салыктар боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Ал эми каржылоо боюнча биз Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен айыл чарбаны колдоо үчүн иш алып баруудабыз”, - деп кошумчалады ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев кабарлагандай, өкмөт тарабынан алдыга жакшы пландар коюлган. Алар: 2019-жылы орто бизнести 60%га чейин жеткирүү жана Doing Business рейтингинин алдыңкы элүү өлкөлөрдүн катарына кирүү.

“Азыр биз 70-орунда жайгашып турабыз. 2018-жылы биздин көрсөткүчтөр жакшырып, биз 7 тепкичке алдыга жылганбыз. Кудай буйруса, биз 2022-жылы ишмердүүлүктү алып барууга оңой болгон алдыңкы 50 өлкөнүн катарына киребиз”, - деди премьер.

Пикир

Оставить комментарий