• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы экстремисттик материалдарды жайылткан 30 аял кармалган

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы экстремисттик материалдарды жайылткан 30га жакын аял кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтуу фактысы боюнча 516 адам аныкталып, 316 адам кармалган. Алардын ичинен 10%ы аялдар болгон. Алардан жалпы экстремисттик мүнөздөгү 2 миң 104 материал табылып, алынган.

“Жарандардын диний-экстремисттик уюмдардын катарына киришин алдын алуу максатында 6 миңден ашуун профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн”, - деди Мамбетов.

Ал белгилегендей, 29-ноябрь күнү Караколдо “Жаштар экстремизмге каршы” аталышында форум өткөрүлүп, ага болжол менен 500 адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий