• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу милицияга 8 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. 2019-жылы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу милицияга 8159 кайрылуу келип түшкөн Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов маалымдады.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов 2019-жылдын статистикасы жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун себептери тууралуу сурады.

Памир Асанов билдиргендей, 8159 кайрылуунун ичинен 544тү сотко жөнөтүлгөн, 7045и тергөө учурунда кыскартылган, дагы 365и боюнча учурда тергөө жүрүүдө.

“2019-жылы 6145 убактылуу ордер берилген. Ошол ордерлерди бузууга байланыштуу 7 кылмыш иши козголгон”, - деди Асанов.

Андан тышкары Бекешов мас абалда үй-бүлөдө зордук-зомбулук жасалган канча факты бар экендигине кызыкты.

ИИМ башчысынын орун басары билдиргендей, 4272 же жалпы кайрылуунун 70% мас абалда жасалган зомбулук.

Пикир

Оставить комментарий