• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 6 миң 145 коргоо ордери берилген

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 6 миң 145 коргоо ордери берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМ коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Улан Рысбеков билдирди.

"2019-жылдын ичинде 6 миң 145 үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинен физикалык, психологиялык, сексуалдык зомбулук фактылары катталган. Республиканын ички иштер органдары тарабынан 6 миң 145 коргоо ордери (жабыр тарткан аялдарды коргоодо – 5 миң 752, жабыр тарткан эркектер – 393, ал эми жашы жете электерди коргоо үчүн – 168 коргоо ордери) берилген", - деди ал.

Улан Рысбековдун айтымында, коргоо ордери 3 күндөн 30 күнгө чейин берилет. Жоруктар тууралуу кодекстин 76-беренесине (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) ылайык, коргоо ордерин шарттарын бузгандарга ири өлчөмдө айып пул же коомдук жумуштар каралган. Айып пулдар үй-бүлөлүк бюджеттин эсебинен төлөнгөндүктөн айрым учурда зомбулук көргөндөр коргоо ордеринен баш тартышат. Мындан улам каттоого алынган фактылар менен коргоо ордерлеринин ортосунда айырма чыгууда. Маселен, ИИМдин жоруктар тууралуу иштер башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов билдиргендей, былтыр республика боюнча Жоруктар жөнүндө Кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча КЖБРге баардыгы болуп 8 миң 159 жорук катталган, анын ичинен 554ү соттук кароого жиберилсе, 7 миң 45и боюнча өндүрүшү иши кыскартылган. Учурда 569 жорук иши өндүрүштө турат.

Жоруктар тууралуу кодекс:

Өзгөчө бөлүк. 7-бөлүм. Инсанга каршы жоруктар

16-глава. Жашы жете электердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин тартибине каршы жоруктар

75-берене. Үй-бүлөдөгү зомбулук

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө, же ага теңдештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык же башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, буга тете эле ага дене-бойлук же психикалык азаптануу келтирген же болбосо анын дене-бойлук же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген кандай болбосун атайлап жасаган аракети,-

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

76-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо,-

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

Пикир

Оставить комментарий