• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы калкты тейлөөчү беш борбор ачылды

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. 2019-жылы калкты тейлөөчү беш борбор ачылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, калкты тейлөө борборлору Ош жана Баткен шаарларында, Базар-Коргон айылында, Өзгөн районунда, Бишкек шаарында (Ауэзов көчөсүндө) ачылган.

"Келерки жылы 10го жакын калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда", - деп кошумчалады Мамбетов.

Ал белгилегендей, жалпы Кыргызстан боюнча 22 калкты тейлөө борбору бар.

Пикир

Оставить комментарий