• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багытталды

Экономика 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. 2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Ал белгилегендей, 2019-жылы Фонддун ишмердигинде негизги багыт болуп аймактык долбоорлорду колдоо болуп эсептелет. Жалпысынан бүгүнкү күндө 460 млн сомдон ашык суммага 300 долбоор каржыланды.

Мындан тышкары, Малик Абакиров берилген гарантиялардын суммасы 173% көбөйгөнүн белгиледи. Эгерде 2018-жылдын 7 айында 271 млн сом болсо, бул жылы ушул эле мезгилге карата 468 млн сомго гарантия берилгенин белгиледи.

Ал белгилегендей, Кепилдик фондунун кыргыз үлгүсүнүн тажрыйбасы КМШ шериктеш өлкөлөрдүн жана эл аралык финансылык институттардын кызыгуусун жаратты. Учурда Кыргызстандын тажрыйбасы Тажикстандагы Кепилдик фондун ишке киргизүүдө колдонулуп жатат. Ошондой эле «Кепилдик фонду» ААКтын ишмердиги Азия өнүктүрүү банкынын негиздөөчү өлкөлөрүнүн ичинен эң мыкты катары каралуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кепилдик фондуна 550 млн сом жумшап, бүгүнкү күндө анын капиталы 1 млрд 132 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий