• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы коомдук унаалардын катышуусу менен 205 жол кырсыгы болгон

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. 2019-жылы коомдук унаалардын катышуусу менен 205 жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу парламентте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

"Ал жол кырсыктарынын натыйжасында 332 киши жабыркап, 10 киши каза болгон", - деди ал.

Аны менен бирге ал билдиргендей, кооптуу жүктөрдү ташыган унаалардын катышуусу менен 21 жол кырсыгы болгон.

"Анда 24 киши жаракат алып, 1 киши каза болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий