• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2019-жылы КРда 5 жаңы кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирет

Саясат 0

Бишкек, 30.10.18./Кабар/. Бишкекте эксперттер КРнын жаңы кылмыш кодексин талкуулашты. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, жаңы кодексти иштеп чыккандардын бири Кынат Сманалиев “Кылмыштык-укуктук багыттын жаңы мыйзамдары” темасына арналган ExpertCafe`нин жүрүшүндө билдирди.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 1-январынан тарта КРнын кылмыш кодекси, жазыктар тууралуу кодекс, кылмыштык-процессуалдык, кылмыш-аткаруу кодекс, бузуулар жөнүндө кодекс, пробациялар жана амнистиянын негиздери жана аны кабыл алуу тартиби жөнүндө мыйзамдар күчүнө кирет. Келерки жылдан тарта 5 жаңы кодекс жана 2 жаңы мыйзам күчүнө кирет.

Сманалиевдин айтымында, гумандаштыруунун алкагында кылмыш жасаган кээ бир адамдарга карата пробация тууралуу мыйзамга байланыштуу колдонулушу мүмкүн.

“Жаңы кодекстерди иштеп чыгуунун негизинде кабыл алынган мыйзамдарда өзүн тапкан буга чейин айтылган документтер жатат”, - деди эксперт.

Пикир

Оставить комментарий