• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы КРнын экономикалык өсүшү экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган

Экономика 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов ведомствонун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы каралган коллегиялык отурумда билдирди.

Ал маалымдагандай, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулук камсыз кылынып, ИДПнын өсүшүндө оң жылыштар байкалган.

"Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү 4,5 пайызды түзгөн.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтуусунда, экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган. Анын ичинен - айыл чарба азыктарынын өсүшү 2,6%га, өнөр жай - 6,9%, курулуш - 10,6%, кызмат көрсөтүүлөр тармагында - 2,9%.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча КР өкмөтүнүн планы 88,4% аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий