• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордун узундугу 418,8 чакырымды түздү

Коом 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. 2019-жылы жолдорду куруу, кайра куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөнүн жалпы көлөмү инвестциялык долбоорлорду эсепке алуу менен 418,8 чакырымды түздү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 2019-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен асфальт-бетон төшөө боюнча жол иштери 136 чакырымды түзгөн. Мамлекеттик капиталдык салымдын эсебинен негизги тизме боюнча – 58,5 чакырым, райондук борборлор боюнча (МКС) – 140,9 чакырым (бардыгы 335,4 чакырым).

"2019-жылы инвестициялык долбоорлор боюнча насыя жана гранттык каражаттардын эсебинен долбоорлонгон тилкелерде узундугу 83,4 чакырым жерде жол-курулуш иштери бүткөрүлгөн. Жолдорду куруу, кайра куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөнүн жалпы көлөмү 2019-жылдагы инвестициялык долбоорлорду эсепке алуу менен 418,8 чакырымды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий