• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык жашылча жыйналган

Коом 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык жашылча чогултулду. Бул 2018-жылга караганда 3,5%га көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Помидор 240 миң тоннадан ашык же 7,1 пайызга көп чогултулган, сабиз – 182 миң тоннага жакын (3,2%га көп), бадыраң – 130 миң тонна же 8,7%га көп. Сарымсактын түшүмү дээрлик 25%га көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда капуста 134 миң тоннага жакын чогултулуп, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 9,1%га аз. Ал эми пияз 200 миң тоннадан ашык же 4,1%га аз чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий