• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы Кыргызстанда 173,5 миң наристе жарык дүйнөгө келген

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда 173,5 миң наристе жарык дүйнөгө келген (Жарандык абалды каттоо органдарында катталган боюнча). Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен 48,8%ы кыздар болсо, 51,2%ы эркек бала болгон. Былтыр 2018-жылга караганда өлкөдө 2 миң 351ге көп бала төрөлгөн.

"2019-жылы Ош облусунда 48 миң 952, Жалал-Абадда 32 миң 272 бала төрөлгөн. Бишкекте 29 миң 630 бала жарык дүйнөгө келген", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Таласта 6 миң 9 наристе, Нарында 6 миң 39 перзент төрөлгөн.

Чет жерде төрөлгөн кыргызстандык наристелердин саны Түркия жана Кореяда көп болгон: 54 жана 52. АКШ, Канада, Швейцария, Сауд Арабиясында 30дан ашык бала жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий