• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы Кыргызстанда 49 миң жуп үй-бүлө курган

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда 49 миң жуп үй-бүлө курган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, былтыр үй-бүлө кургандар Ош жана Жалал-Абад облустарында көп болгон: 11,5 миң жана 9 миң.

"Бишкекте 7 миң түгөй, Ош шаарында 2 миңге жакын жуп үй-бүлө курган. Чүй облусунда 6,5 миң, Баткен облусунда 4 миңден ашык, Ысык-Көлдө 3 миң, Нарында 1,7 миң жана Таласта 1,6 миң нике катталган", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий