• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы Кыргызстанда алтын казып алуу 50%га көбөйдү – Жер казыналарын пайдалануу комитети

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери алтын казып алуу өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 50%га көбөйдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.

Анын айтымында, төрт ай ичинде "Кумтөр" кенинде 6 тонна алтын жана "Алтынкенде" 1 тонна алтын казылып алынган. 2018-жылы 16,6 тонна алтын алынган.

"Көмүр тууралуу айтсак, 2019-жылы үч айда 470 миң тонна казып алынган. Ал өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 25-30%га көп. Ошондой эле 55 миң тонна нефть алынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий