• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы Кыргызстанда жаштарга арналган бир миңден ашык иш-чара өткөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда жаштарга арналган бир миңден ашык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамагенттиги жаштар уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге бир миңден ашык жаштарга арналган иш-чара өткөргөн.

"2019-жылы аймактарда 1815 спорттук иш-чара уюштурулган. Ага жалпысынан 69,9 миллион сом сарпталган", - деп айтылат маалыматта.

Аймактардагы өткөрүлгөн иш-чараларга мамагенттиктин бюджетинен 22,3 миллион сом, демөөрчүлөрдөн 35,6 миллион сом, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан 11,9 миллион сом бөлүнгөн.

Аталган иш-чараларга 180 миңден ашык адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий