• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,6%га төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы соода жүргүртүүсү 2,7 млрд. долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6%га төмөн.

КР Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, аны менен бирге экспорттук ташуулар 3,7%га жогорулап, импорт 4,7%га төмөндөгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 2019-жылдын январь-май айларында 997 млн. долларды түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 4,6%га жогорулаган.

Аны менен бирге экспорттук ташуулардын 24,3%га төмөндөшү белгиленип, ошол эле убакта импорттук ташуулар 16,6%га жогорулган. ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода кылуунун басымдуу бөлүгү Россияга (59,1%) жана Казакстанга (38,6%) туура келет.

Пикир

Оставить комментарий