• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2019-жылы Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунайзат ташылган

Экономика 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунайзат ташылган. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Ташылып келген мунайзаттын 453,8 миң тоннасы бензин болсо, дизель майы 519,1 миң тонна болгон.

Ассоциациядан белгилешкендей, Кыргызстанга күйүүчү майлар Россиядан ташылып келет. Ал жактан ташылган мунайзаттан экспорттук алымдар алынбайт.

Пикир

Оставить комментарий