• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү 590 млрд сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 пайызга жеткен - Абылгазиев

Экономика 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. 2019-жылдын жыйынтыгында өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында белгиленген иштер 95 пайызга аткарылган. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга жогору. Ал эми жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жалпы көрсөткүчү 86,2 пайызды түзүп, андан мурдагы жылдан 0,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди, деп кабарлайт ЖК басма сөз кызматы

«Биздин өткөн жылда жетишкен ийгилигибиз президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн биргелешкен аракетинин негизинде жаралды десек жаңылышпайбыз. Парламент өкмөт тарабынан сунушталган 197 мыйзам долбоорунун ичинен 110 мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Ошентип, 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 590 млрд сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 пайызга жетти. Айыл чарбада 2,6 пайыз, курулушта 10,6 пайыз, кызмат көрсөтүүлөрдө 2,9 пайыз өсүү байкалган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, "Айыл чарбасын каржылоо - 7" мамлекеттик программанын алкагында 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилип, анын жалпы көлөмү 5,2 млрд сомду түзгөн. «Дыйкандарга 824 милллион сомго 341 даана техника лизинг катары берилди. Кайра иштетүү ишканаларына салык 80 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Былтыр 3 чоң соода-логистикалык борбору, 7 жашылча жемиш сакталуучу жай, 28 күнөскана, 7 айыл чарба кооперативи, 19 МТС, 8 мал союучу жай ачылды. Курулуш көлөмү 172 млрд сомду түздү", - деди пермьер-министр.

Андан тышкары, экспорттун жалпы суммасы дээрлик 2 миллиард долларга жакын болуп, өсүү 7 пайызга жеткени, ал эми импорт 7,3 пайызга азайып, түз инвестициялар 876 миллион долларга жеткени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат. Жыйынга депутаттар, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий