• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн 28,3 миллиард сом салынды

Экономика 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. 2019-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджетке 28,3 миллиард сом салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин өлкөнүн 2018-2019-жылга мамлекеттик бюджети талкууланып жаткан отурумунда финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, тышкы карызга 14,6 миллиард сом, ички карызга 13,6 миллиард сом каралууда.

“Жергиликтүү бюджеттер боюнча 21 миллиард 770 миллион сом каралууда. Бул 2017-жылдагыга салыштырмалуу 1,4 миллиард сомго көбүрөөк”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий