• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар сайтында 84,2 млрд сомго 95 миң конкурс жарыяланган

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айында мамлекеттик сатып алуулар сайтында 84,2 млрд сомго 95 миң конкурс жарыяланган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова кабарлады.

Ал белгилегендей, алардын ичинен 68 миң конкурс ийгиликтүү өтүп, суммасы 58,4 млрд сомду түзгөн.

“Алардын ичинен 31,1 млрд сомго товар, 16,7 млрд сомго жумуш жана 1,6 млрд сомго кызмат сатып алынган. Мамлекеттик мекемелер 28,7 млрд сомго товар сатып алган. Ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган өзүн-өзү башкаруу органдары - 10,3 млрд сомго, 50% мамлекеттик үлүшү бар акционердик уюмдар – 13,6 млрд сомго сатып алышкан”, - дейт ал.

Байзакова баса белгилегендей, үстүбүздөгү жылы эң ири сатып алуу “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча болгон. “Негизинен 5,8 млрд сом сумма пландалган. 2,7 млрд сомго келишим түзүлүп, КР Маалымат жана технологиялар мамлекеттик комитети тарабынан жарыяланган. Андан тышкары, 3,4 млрд сомго көмүр сатып алуу боюнча ири келишимдер түзүлгөн”, - деп кошумчалады Н.Байзакова.

Пикир

Оставить комментарий