• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. 2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Учурда Мамлекеттик сатып алуулар порталында 3425 уюм катталган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча талдоолорду жасалган, анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталында 72,8 млрд. сомго 100 миңден ашык конкурс жарыяланган, алардын ичинен 36,4 млрд. сомго 58 276 конкурс ишке ашкан.

«Товардык позициялардын 75%дан ашыгы - чет мамлекеттерден кирген товарлар. Биздин талдоолор боюнча, бюджеттик жана бюджеттик эмес уюмдар аларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алса болот. Товарларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу зарыл. Мындай кадам келечекте ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалган олуттуу салым болуп эсептелет. Ошону менен бирге атамекендик товар өндүрүүчүлөргө товарлардын сапатын жакшыртууга шарттар түзүлөт», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле мамлекеттик сатып алууга жумшалган каражаттар өзүбүздүн экономикабызга иштөөсү зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекеттик сатып алуулар саясатын түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн укуктук-ченемдик актыларга тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө», - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий