• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы "Манас" ААКсы 3,6 млн жүргүнчүнү тейлеген

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 2019-жылы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 3 млн 683 миң 347 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 млн 683 миң 347 жүргүнчүнүн ичинен 1 млн 205 миң 400 киши ички каттам, ал эми 2 млн 477 миң 947 киши эл аралык каттамдын жүргүнчүлөрү болгон.

Былтыр жалпы 30 миң 834 каттам тейленген: эл аралык каттамдар – 20 миң 551 жана ички каттамдар – 10 миң 283.

Анын ичинде "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Бишкек филиалы 19 миң 511 каттамды тейлеген (5 миң 113 ички жана 14 миң 398 эл аралык каттам). Жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 2 млн 167 миң 759 кишиге жеткен (ички каттам боюнча 617 миң 552 киши, эл аралык – 1 млн 550 миң 207).

2019-жылы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Ош филиалы 11 миң 53 каттамды тейлеген (ички – 5 миң 78, эл аралык – 5 миң 975). Жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 1 млн 499 миң 561 кишини түзгөн: ички каттам боюнча 580 миң 639 адам, ал эми эл аралык каттам боюнча 918 миң 922 киши болгон.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Ысык-Көл филиалы 270 каттамды тейлеген (ички – 92, эл аралык – 178). Жүргүнчүлөрдүн саны 16 миң 27 кишини түзгөн (ички каттам – 7 миң 209, эл аралык каттам – 8 миң 818).

Пикир

Оставить комментарий